24.06.2019 14:07

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 16 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 16 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 16 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бүгүн, 24-июнь күнү болжол менен 13:00 чамасында куткаруучулар анын денесин чөккөн жерден бир чакырым алыстыктан таап чыгышкан.

Кырсык кечээ, кечки саат 19:00 чамасында Кой-Таш айылындагы «Теплые ключи» бассейнинин жанында болуп өткөн. Өспүрүм селфи жасайм деп жатып, шар аккан сууга кирип кеткен.

Издөө иштери түнү менен жүрүп, бирок майнап чыккан эмес. Бүгүн ӨКМ куткаруучулары жана ыктыярчылар болуп, издөөнү улантышкан.